Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:54

Бишкекте блогерлердин экинчи курултайы өтүп жатат


Блогерлердин "КурулTime" жыйыны. 18-март. 2023, Бишкек.
Блогерлердин "КурулTime" жыйыны. 18-март. 2023, Бишкек.

Бишкекте "КурулTime" аталышында кыргызстандык, казакстандык блогерлердин, тиктокерлердин, инфлюенсерлердин экинчи курултайы өтүп жатат.

Жыйында медиарыноктогу актуалдуу маселелер, жаңылыктар талкууланууда.

Жыйын бир нече бөлүктөн туруп, блогерлер жаңы тренддер менен чакырыктар, блогосферадагы тобокелдиктер менен мүмкүнчүлүктөр, социалдык жоопкерчилик, социалдык тармактарды колдонуу, андан акча табуу туурасында айтып беришет. Бул багытта профессионалдык өсүү үчүн керек болгон жөндөм, куралдар жана блогосферанын келечеги тууралуу талкуулашат.

Иш-чараны "Интерньюс" уюму колдоп, Борбор Азиядагы Америка университетинде өтүп жатат. Ага 2,5 миңге чукул киши катышууда.

Блогерлердин башын бириктирген алгачкы курултай 2021-жылы Бишкекте өткөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG