Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Мажилистин депутаттарынын 70% партиялык тизме менен, ал эми 30% бир мандаттуу округдардан шайланат.
Мажилистин депутаттарынын 70% партиялык тизме менен, ал эми 30% бир мандаттуу округдардан шайланат.

Казакстанда 19-мартта парламенттин төмөнкү палатасы - Мажилистин депутаттарын шайлоо башталды. Өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев Астана шаарында Окуучулар сарайындагы добушкана ачылары менен, саат 7ден өткөндө барып добуш берди жана анын эрте келери тууралуу журналисттерге маалымат берилген жок.

Акордо тараткан кыска видеодо Токаев бюллетень алганы, бир өспүрүм менен сүйлөшүп, аны менен сүрөткө түшкөнү, добуш бергени гана тартылган. Кандайдыр бир билдирүү жасаган эмес.

Токаев ушул жылдын башында, 19-январда Мажилисти таратып, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо дайындаган. Бул күнү парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттары менен кошо бардык деңгээлдеги жергиликтүү бийлик органдарын шайлоо өтүп жатат.

Өлкөнүн жаңы мыйзамдарына ылайык, Мажилистин депутаттарынын 70% партиялык тизме менен, ал эми 30% бир мандаттуу округдардан шайланат.

Соңку парламенттик шайлоо 2021-жылы өткөн жана анда "Нур Отан" (азыркы "Аманат"), "Ак жол" жана Казакстан элдик партиясы уткан. Бул үч партия тең ага чейинки парламенттин үч чакырылышында шайланып келген.

Батыштын байкоочулары Казакстанда 1991-жылдан бери өткөн шайлоолордун бирин да эркин жана адилеттүү өттү деп тааныган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG