Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Жастин Гейжи UFC 286 мелдешинде Рафаэл Физиевди жеңди


Жастин Гейжи жана Рафаэл Физиев. 18-март, 2023-жыл. Лондон.
Жастин Гейжи жана Рафаэл Физиев. 18-март, 2023-жыл. Лондон.

Америкалык мушкер Жастин Гейжи таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC уюмунун кезектеги мелдешинде (UFC 286) азербайжандык Рафаэл Физиевди жеңди. Беттеш 19-мартка караган түнү Лондон шаарындагы "О2" аренасында өттү. Бул күнү UFC 286 мелдешинде жалпы 15 таймаш болду. Жеңил орто салмакта (71-77 кг) теги ямайкалык британ мушкери Леон Эдвардс менен нигериялык Камару Усмандын беттеши башкы окуя болуп, бул таймашта Эдвардс жеңишке жетти.

Экинчи башкы беттеш жеңил салмактагы (66-70 kg) спортчулар Жастин Гейжи менен Рафаэл Физиевдин ортосунда өтүп, таймаш жыйынтыгында калыстар көпчүлүк добуш менен АКШ спортчусуна жеңишти ыйгарды (29-28, 29-28, 28-28). Бул беттеш турнирдеги мыкты таймаш деп аталып, эки спортчу тең 50 миң доллардан акчалай сыйлык алышты.

34 жаштагы Гейжи UFC уюмунун жеңил салмактагы мушкерлеринин рейтингде 3-орунда, Физиев 6-орунда жайгашкан.

Жастин Гейжи октагонго алгач 2017-жылдан баштап чыга баштаган. Ошондон бери 28 беттеш өткөрүп, 24 жолу утуп, 4 жолу жеңилген.

Рафаел Физиев 30 жашта. UFC уюмунун мелдештерине 2019-жылдан бери катышып келет. 12 жолу жеңип, эки ирет жеңилип калган. Ал азери тектүү кыргызстандык. Алгач таймаштарга Кыргызстан менен Азербайжандын желегин көтөрүп чыгып жүргөн.

2021-жылы октябрь айында "интернеттеги социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын кысымына кабылып, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө ниеттенгенин, таймаштарга Кыргызстандын атынан катышпай турганын" Инстаграмдагы баракчасына жазган. Учурда Тайландда машыгып, Азербайжандын атынан таймаштарга чыгат. Гейжи менен беттешке чейин ал алты беттешти тең катары менен утуп келген.

UFC – таймаштын аралаш түрлөрү боюнча спорттук уюм. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG