Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

"Талибандын" улук лидери тууган-таанышчылыкка каршы жарлык чыгарды


"Талибан" күчтөрү. Иллюстрация.
"Талибан" күчтөрү. Иллюстрация.

Ооганстанда бийликтеги "Талибан" кыймылынын улук лидери Хибатулла Ахунзада тууган-таанышчылыкка (непотизмге) каршы жарлык чыгарып, аткаминерлерге тууган-туушканын мамлекеттик кызматтарга алууга тыюу салды.

Ахунзада "Талибандын" бардык чиновниктерине алардын администрациясында иштеген уулдарын жана башка туугандарын кызматтан алууну буйруду. Жарлык 18-мартта "Талибан" өкмөтүнүн Twitter баракчасына жарыяланды.

Жарлыктын себеби ачык айтылган жок. Талибдердин көптөгөн чиновниктери жогорку мамлекеттик кызматтарга кесипкөйлөрдү же тажрыйбалуу адамдарды эмес, өздөрүнүн жакындарын дайындаганы тууралуу акыркы кезде талкуу күчөгөнүн Reuters жазды.

2021-жылы Ооганстанда эл аралык күчтөр чыгып кеткенден кийин августта өкмөт башына келген "Талибан" кыймылынын бийлигин эл аралык коомчулук тааныган эмес.

"Талибан" көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG