Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Ак-Ордо: жер тилкесине байланыштуу беш киши кармалды


Бишкектин чет жакасы. 2010-жыл, апрель айы.
Бишкектин чет жакасы. 2010-жыл, апрель айы.

Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө шектелип Сокулук райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары А.Б.Т., башкармалыктын адиси С.Т.М., райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М.Р.А., аталган кызматтын мурунку картографы Д.А.О. жана М.Р.Ж. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Башкы көзөмөл орган Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында тийиштүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери жер сатуу менен алектенген кишилер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, Ак-Ордо конушундагы жер тилкелеринин документин жасап, сатышкан.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Башкы прокуратура бул кылмыш ишине тиешеси бар башка кишилерди аныктап жатканын билдирди.

Буга чейин Чүй облустук прокуратурасы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жарлыктын аткарылышы боюнча Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүн текшерип, 66,8 гектар жер мыйзамсыз берилгенин аныктаган.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG