Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:10

Казакстанда ишке орноштурууну талап кылган айылдыктар акциясын токтотту


Жетыбай айылынын тургундарынын нааразылык акциясы. 29-март, 2023-жыл
Жетыбай айылынын тургундарынын нааразылык акциясы. 29-март, 2023-жыл

2-апрелге караган түнү Казакстандын Маңгыстау облусундагы Жетыбай айылынын тургундары нааразылык акциясын токтотушту.

Жекшембиде жарык көргөн видеодо катышуучулардын бири жумушсуздардын талаптары канааттандырылат деген кагазга кол коюлганын билдирди. Алты күндөн бери алар айылдын жанындагы кенди иштеткен «Мангистаумунайгаз» компаниясына тийиштүү ишканага орноштурууну талап кылып келген.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 1-апрелде алар облус акими Нурлан Ногаев менен келишим түздү. Акимчилик жумушсуздарды ишке орноштуруу аракети уланарын билдирди.

Жетыбайдын 100 чакты жашоочусу катышкан акциянын жүрүшүндө биринчи күнү мунай кенине кеткен жол тосмолонгон, 14 киши ачкачылык жарыялаган. Бийлик алардын акциясын мыйзамсыз деп атап, административдик укук бузулду деп активисттерге полиция бөлүмүнө чакыруу кагаздарын тапшыруу аракети көрүлгөн.

Айылдыктар президент Касым-Жомарт Токаевге жана облус акими Ногаевге кайрылуу жасап, ишке орношуу маселесине кийлигишүүнү өтүнгөн. Ошондой эле нааразылык акциясынын катышуучуларын куугунтуктоону токтотууга чакырышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG