Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

УКМК 13 кишини Суу фондунун жерин мыйзамсыз бөлүп берген деп айыптоодо 


УКМКнын имараты.
УКМКнын имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик коммитет (УКМК) 13 кызматкер Суу фондунун жерин мыйзамсыз бөлүп берүүгө айыпталып жатканын билдирди. Маалыматка караганда, Чыгыш Чоң Чүй каналынын жээгиндеги жерлерди, шаар куруу, уруксат берүүчү жана белгилөөчү документтерди мыйзамсыз берүү фактылары аныкталган. Атайын кызмат суу коргоо зоналарынын аймагында имараттарды курууга тыюу салынганына карабастан, тийиштүү кызмат адамдары архитектуралык уруксаттарды берип, алардын негизинде Суу фондунун жерлерине коммерциялык курулуштар курулуп кеткенин кабарлады.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы башчысы Д.Р.Ж. жана С.А.А. деген киши кармалып, тергөө абагына киргизилди. Мындан сырткары Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде Мамкурулуштун А.Б.А. аттуу мурдагы директоруна, ушул мекеменин Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчилери жана кызматкерлери болуп жалпы беш кишиге, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин кызмат адамдарына, Ысык-Ата жана Аламүдүн райондору боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси жана кызматкерине карата айып тагылды.

Кылмыш иши сотко жөнөтүлдүп, Суу фондусуна тиешелүү жерлерди мыйзамсыз берүү жана ал жерлердеги курулуш фактыларын аныктоо иштери уланууда. Айыпталган тараптар комментарий бере элек. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG