Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Иранда милдеттүү  хижаб эрежесин бузгандар билим ала албайт


Хижабсыз жүргөн ирандык кыздар. Иран, 1-апрель, 2023-жыл
Хижабсыз жүргөн ирандык кыздар. Иран, 1-апрель, 2023-жыл

Ирандын Билим берүү министрлиги милдеттүү хижаб эрежесин бузгандар мектеп же университеттерде билим ала албасын эскертти.

Министрликтин 3-апрелдеги маалыматына ылайык, Нооруз каникулдарынан кийин кайра ачылган окуу жайларда ал эрежени сактабагандар класстарга киргизилбейт. Мекеме мындай чара "окуучулар арасында ислам маданияты жана дини тууралуу позитивдүү жана конструктивдүү талкуу жаратуу, ар-намыс жана хижаб маданияты тууралуу туура жана позитивдүү көз карашты калыптандыруу” максатында көрүлүүдө деп билдирди.

Ислам жумуриятында 1979-жылкы революциядан кийин 9 жаштан ашкан кыздар жана аялдар коомдук жайларда башын жапкан кийим кийүүгө милдеттүү деген мыйзам кабыл алынган.

Ушу тапта өлкөдө ал мыйзамды бузган кыз-келиндерге айып пул салуу жана административдик жазага тартуу боюнча жаңы стратегия талкууланып жатат.

Жакында парламент мүчөсү Хоссейин Жалали хижаб кийбегендер 30 миллиард иран риалын (60 миң АКШ доллары) төлөөгө чейин милдеттендирилерин билдирген. Андан тышкары айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу, паспортун жокко чыгаруу, интернет байланышын өчүрүү чаралары көрүлүшү ыктымал.

Эрежени сактоо, аялдарды уруп-сабоо, күч колдонууну чектөө максатында көзөмөл камералары пайдаланылат. Эреже бузгандарды таап, жазалоо иштерине полиция жана сот органдары тартылмакчы.

Көптөгөн аялдар нааразылык иретинде ал эрежени бузуп, жылаңбаш жүргөн учурлар кездешет. Андай окуялар былтыр сентябрда студент кыз Махса Амини хижаб кийүү эрежесин бузган деп камалып, жабык жайда көз жумгандан кийин тутанган митингдер маалында көбөйдү.

XS
SM
MD
LG