Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Азербайжанда депутатка кол салууга байланыштуу төрт киши камалды


Фазил Мустаф. Архивдик сүрөт.
Фазил Мустаф. Архивдик сүрөт.

Азербайжанда парламент депутатынын өмүрүнө кол салуу аракетине байланыштуу төрт киши камакка алынды. Бул тууралуу 3-апрелде Ички иштер министрлиги билдирди. Шектүү адамдар тууралуу кеңири маалымат берилген жок.

Кошуна Иранды катуу сындап жүргөн Фазил Мустафа 29-мартта Бакуда жарадар болгон. Ок анын ийинине жана бутуна тийип, ооруканага жеткирилген.

Коопсуздук кызматы депутаттын үйүнүн жанында болгон окуяны “теракт” деп сыпаттап, тергөө иштерин баштаган. Мустафа бийликке лоялдуу Boyuk Qurulus партиясынын парламенттеги жападан-жалгыз өкүлү.

Депутаттын жардамчысы Айдар Алиев Рейтер агенттигине билдиргендей, саясатчы өзүн жакшы сезүүдө, жакында үйүнө кайтып бармакчы.

Быйыл 27-январда Азербайжандын Тегерандагы элчилигине кол салууда бир киши каза таап, эки адам жаракат алган.

Ирандын Tasnim маалымат агенттиги башкалаанын полициясына таянып, шектүү элчиликке эки кичинекей баласы менен келгенин, "жеке маселесинен улам ушундай кадамга барган болушу ыктымал" деп жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG