Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

Президент бийлик өкүлдөрү шайлоого кийлигишпей турганын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров мындан ары кандай гана шайлоо болбосун, президент жана башка бийлик өкүлдөрү ага кийлигишпей турганын билдирди.

Мамлекет башчы бул тууралуу "Кабар" агенттигине курган кезектеги маегинде айткан.

Журналисттин Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого байланыштуу “кайсы бир талапкер президентке кирип жолугуп, батасын алыптыр" деген сөздөр айтылып жатканы туурасында сураган.

"Эч бир талапкерди кабыл алган жокмун жана кабыл албайм дагы. Биз илгерки замандагы мындай жосундарды унутушубуз керек. Саясатчылардын баары шайлоолор боюнча жаңы заман келгенин билип, сезиши керек. Ооба, мурда ошондой болчу. Президенттин батасын алмайынча шайлоого аттанышпайт эле. Мындан ары кандай гана шайлоо болбосун, президент жана башка бийлик өкүлдөрү кийлигишпейт. Кимдир бирөөнү сүрөгөнгө жол бербейм. Биз жөн гана арбитр болуп беребиз. Ким утса, ошол өтсүн. Көпчүлүк эл кимди тандаса, ошол талапкер депутат болот. Мындан ары мурдагыдай айыл өкмөттөрдүн, мугалимдер менен медиктердин кайсыл бир талапкерге иштешине дагы жол бербейбиз. Иштегенин билип калсак, жоопко тартабыз", - деди Жапаров.

Президент каттоо бүткөндөн кийин талапкерлерди чогултуп жолугуу планы бар экенин айткан.

№26 Ленин бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо быйыл 28-майда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, учурда шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны үчкө жетти. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.

Боршайком 27-мартта Жогорку Кеңештин депутаты, "Мекенчил" фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абировду өзү жазган арызына байланыштуу мандаттан ажыраткан.

Буга Бишкектеги ресторандардын биринде Абиров катышкан мушташ себеп болгон. Окуядан 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG