Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Донецк облусунда орусиялык күчтөрдүн аткылоосунан төрт киши мерт кетти


Авдеевка шаары. 4-апрель, 2023-жыл
Авдеевка шаары. 4-апрель, 2023-жыл

Донецк облусунун башчысы Павел Кириленконун маалыматына ылайык, орусиялык аскер күчтөрүнүн аткылоосунан аймакта төрт киши мерт кетти. Бул тууралуу ал шаршембиде эртең менен Телеграм каналына жазды. Ал эми украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы акыркы 24 саатта ракетадан үч, абадан 47 сокку урулганын, анын 17синде ирандык “Шахед” дрондору колдонулганын билдирди. Штаб 14 дрон атып түшүрүлгөнүн тактады.

Ошондой эле украин жоокерлери каршы тараптын 60тан ашуун чабуулунун мизин кайтарганы маалымдалды. Бахмут, Авдеевка жана Марьинка шаарлары кармаштардын чордонунда кала берүүдө.

Херсон облусунда бомбалоодон үч киши, Сумыда бирөө жарадар болгонун жергиликтүү бийлик билдирди.

Ал арада Кошмо Штаттары Украинага 2,6 млрд. долларлык жаңы аскердик жардам берилерин жарыялады.

Пентагондун маалыматына караганда, жаңы жардам топтомуна HIMARS системалары үчүн ок-дары, Patriot абадан коргонуу системасы, артиллериялык снаряддар, 400 гранатомет, оор жабдууларды, күйүүчү май ташыган автоунаалар, транспорт каражаттары жана техникалык кызмат көрсөтүүгө 500 млн. доллар кирет.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бул “логистиканын кармашы”, "алсыратуучу согуш" болуп калганын, майданга ок-дары, курал-жарак жана жабдууларды жеткирүү маанилүү экенин "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген маегинде белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG