Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

БУУ аялдардын уюмда иштешине салынган тыюуну талибдер менен талкуулайт


Ооганстандык аялдар. Иллюстрациялык сүрөт
Ооганстандык аялдар. Иллюстрациялык сүрөт

Мындай кадам "Талибан" оогандык аялдардын БУУнун кеңселеринде иштөөсүнө салынган тыюунун мөөнөтүн узарткандан кийин жасалууда.

Улуттар Уюмунун басма соз катчысы Стефан Дужарриктин айтымында, Ооганстандагы миссия (UNAMA) 5-апрелде талибдер менен талкууда бул маселеге “тактык киргизүү” аракетин көрмөкчү. Бир күн мурда Кабулдун де-факто бийлиги “БУУнун жергиликтүү аял-кызматкерлерине иштөөгө тыюу салды” деген оозеки маалымат түшкөн.

2021-жылы жайында бийликке кайтып келери менен "Талибан" ооган кыз-келиндеринин укуктарын катуу чектөөгө киришип, жогорку билим алуусуна, бир топ өкмөттүк мекемелерде иштөөсүнө тыюу салган.

БУУнун Ооганстандагы кеңселеринде 400дөй жергиликттүү аял иштейт. Адегенде чектөө Нангархарда киргизилген, эми кеңейтилди.

Уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриш бул кадамды катуу айыптады. Чечим жокко чыгарылбаса, "өтө муктаж оогандардын өмүрүн сактап калуу иштерине чоң тоскоолдук түзүлөрүн" белгиледи.

Талибдердин бийликке келиши менен ансыз да согуштан жабыркаган Ооганстанда экономикалык кырдаал ого бетер начарлады, гуманитардык кризис каптады.

XS
SM
MD
LG