Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Европалык ири компания өзбек өкмөтүн арбитраждык сотко берди


Комбинатта өрт чыккан учур. 4-октябрь, 2022-жыл
Комбинатта өрт чыккан учур. 4-октябрь, 2022-жыл

Тоо-кен өнөр жайы жана жарандык курулуштар үчүн жардыргыч заттарды чыгарган испаниялык Maxam корпорациясы Өзбекстандын өкмөтүн Лондондогу арбитраждык сотко берди.

Eurasianet басылмасы маалымдагандай, кеп Maxam-Chirchiq комбинатындагы үлүш тууралуу жүрүүдө.

Ишкана минералдык жер семирткичтерди жана химиялык продукцияны чыгарат. Алардын өнөктөшү мамлекеттик "Узкимёсаноат" компаниясы.

Корпорациянын өкүлү басылмага берген маегинде "Maxam менен өзбек өкмөтү ортосундагы татаал мамилелерди" белгиледи. Маалыматка караганда, испаниялыктар келишимдин шарттары бузулуп жатат деп эсептейт. Бирок кайсы шарттар экени айтылган жок.

Басылма жазгандай, АКШнын Мамлекеттик департаменти Өзбекстандагы инвестициялык климат тууралуу баяндамасында Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери "инвестицияларга байланышкан талаштар азайганы айтылган, бирок толугу менен жоюла элек".

Расмий Ташкенттин доо арызга реакциясы белгисиз.

XS
SM
MD
LG