Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Макрон "баскынчы Орусияга жардам бергендер анын шериги болуп калат" деп эскертти


Эммануэл Макрон Бээжиндеги аэропортко келген учур. 5-апрель, 2023-жыл
Эммануэл Макрон Бээжиндеги аэропортко келген учур. 5-апрель, 2023-жыл

Франциянын президенти Эммануэл Макрон үч күндүк сапар менен Кытайга барды. Бээжинде журналисттердин алдында сүйлөгөн кезинде француз лидери украин урушунда “баскынчы” Орусияга жардам бергендер анын кыянат ишке катышкан “шериги” болуп каларын эскертти.

“Жаңжал башталганда курмандыкка көмөктөшүүнү чечкенбиз, агрессорго жардам бергендердин бардыгы эл аралык мыйзамды бузган шериги болуп калат деп так билдиргенбиз”, - деп айтты Макрон.

Сапар маалында президент Кытайдын лидери Си Цзинпин менен эки тараптуу алака-катнаштын келечегин, кызматташтыкты тереңдетүү, эл аралык жана аймактык маселелерди талкууламакчы. Макрон Кытайдын премьери жана парламент төрагасы менен да кездешет.

Анын алдына Бээжинге Германиянын канцлери жана Испаниянын өкмөт башчысы барып кетишкен.

Талдоочулар европалыктарды биримдиктин ири соода өнөктөшү болгон Кытайдын Орусия менен жакындашуусу сарсанаа кылып жатканын айтышат. Алар Си Цзинпинди Путинди согушта курал-жарак же финансылык жактан колдобоого көндүрүү аракетин көрүшүүдө.

21-мартта Кытай жана Орусиянын жетекчилери Москвада расмий жолугушкан. Анын жүрүшүндө Украина негизги талкууланган маселелердин арасында болчу. Ага чейин Бээжин согушту жөнгө салуу планын сунуш кылган. Бирок Батыш ал сунушту салкын кабыл алган.

XS
SM
MD
LG