Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:28

Зеленский: Украина Польшаны эң жакын өнөктөшү деп кабыл алат


Владимир Зеленский менен Анжей Дуда. Варшава, 5-апрель 2023-жыл
Владимир Зеленский менен Анжей Дуда. Варшава, 5-апрель 2023-жыл

Варшавада расмий сапарда жүргөн президент Владимир Зеленский Украина Польшаны өзүнүн Батыштагы эң жакын жана согуштан кийинки реконструкция иштеринде эң маанилүү өнөктөшү деп кабыл аларын билдирди.

Мындай билдирүүнү украин лидери президент Анжей Дуда менен биргелешкен басма сөз жыйында жасады.

Дуда Польша кошуна өлкөгө 14 даана MiG-29 истребителдерин берерин, июлда Вильнюста өтө турган НАТОнун саммитинде Киевди кошумча кепилдиктер менен камсыздоо жаатында иш алып барып жатканын билдирди.

Зеленский Бахмуттагы жана айланасындагы абал оор экенин моюнга алып, украин аскерлери курчоого алынышы мүмкүн деген коркунуч жаралса, “тиешелүү чечимдер” кабыл алынарын айтты.

Бул – украин мамлекет башчысынын Польшага алгачкы расмий иш сапары. Зеленский анын жүрүшүндө премьер Матеуш Моравецкий менен да кездешти.

Варшава согуш башталгандан бери Украинаны курал-жарак менен камсыздоо аракеттери, саясий колдоо көрсөтүү жагынан алдыңкы катарда турат.

Польша ошондой эле миллионго жакын украин качкындарын кабыл алган. Маалыматтарга караганда, Зеленский башкалаанын борбордук аянтында Польша элине жана бул өлкөдө башкалкалап жаткан украиналык бозгундарга кайрылуу жасайт.

Согуш башталган 2022-жылдын февралынан бери Зеленский ушуну менен үчүнчү жолу чет өлкөгө чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG