Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Парламентте кыздарга жасалган зомбулук боюнча маселе көтөрүлдү


Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаевдин отставкасын талап кылган акция. 3-апрель, 2023-жыл.
Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаевдин отставкасын талап кылган акция. 3-апрель, 2023-жыл.

Жогорку Кеңештин 6-апрелдеги жыйынында секелек кыздарга, балдарга жасалган зордук-зомбулук көбөйгөнү тууралуу маселе көтөрүлдү. Депутат Винера Раимбачаева буга байланыштуу кылмыш иштерин тергөөдө укук коргоо органдарынын кызматкерлери кыздарга басым кылып, көбү суицидге барып же иш аягына чыкпай калып жатканын айтты.

“Ички иштер министри ушул боюнча кызматкерлери менен иш алып барса. Жакында эле Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаев “мындай иштерге кыздар өз каалоосу менен барат” деп айтты. Ушуга көңүл буруп койсоңуздар”, - деди Раимбачаева.

Азамат Ногойбаев 31-мартта Фейсбукта түз эфирде суроолорго жооп берип жатып, шаарда өспүрүм кыздар зордукталган учурлар көп катталып жатканын, алардын арасында жыныстык катнашка өз эрки менен баргандар бар экенин билдирген.

Анын сөзү коомчулукта, укук коргоочулардын арасында талкуу жаратты. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы Ногойбаевдин айткандарына байланыштуу териштирүүнү баштаган.

3-апрелде укук коргоочулар Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылып Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдында нааразылык акция өткөрүшкөн.

Азамат Ногойбаев түз эфир маалында айткандарын “айрым адамдар туура эмес түшүнүп алганын” айтып, ал үчүн кечирим сураган.

Ички иштер министрлигинин 2022-жылдагы маалыматында сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнү кабарланган. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 иш тергелип, анын 25и сотко өттү, үч кылмыш иши токтолуп, дагы 11 кылмыш ишин тергөө уланууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG