Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:57

Орусияда согушка катышууну каалагандарды жазадан бошотуу сунушталууда


Иркутскидеги түрмө. Архивдик сүрөт
Иркутскидеги түрмө. Архивдик сүрөт

Орусиянын Мамлекеттик думасы анча оор эмес кылмыштар үчүн айыпталып жаткан киши "согуштук кошуундарда" кызмат өтөөгө даяр болсо, сотторго, прокурорлорго жана тергөөчүлөргө алардын иштерин жабууга уруксат берген мыйзам долбоорун караганы жатат. Документ парламенттин маалымат базасында жарык көрдү.

Түшүндүрмө катта айтылгандай, Украина менен согуш шартында Москва кылмыш жасаган адамдарды кызмат өтөөгө тартып келатат.

"Мамлекет муну менен жарандын коом жана мамлекет алдындагы күнөөсүн жууп кетүү мүмкүнчүлүгүн тааныйт", - деп жазышты долбоордун авторлору.

Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинде анча оор эмес кылмыш болуп "атайлап же билбей" жасалган аракеттер аталат. Мындай кылмыштар үчүн үч жылга абакка кесүү каралган. Орточо кылмыштарга тоноо, опузалап акча өндүрүү, аффект абалында адам өлтүрүү, террордук аракеттерге үндөө өңдүү иштер кирет. Кылмышкер деп табылган адам беш жылга эркинен ажыратылат.

Буга чейин "Важные истории" жана "Верстка" басылмалары орус соттору Украинадагы урушка катышууну же согушууга каалоосун билдирүүнү айыпты жумшарткан жагдай катары карап жатканын жазышкан.

Андан тышкары "Вагнер" менчик компаниясы түрмөлөрдө отургандарды согушка жалдап келатат.

Былтыр мартта украин президенти Владимир Зеленский орточо оор кылмышка шектүүлөргө же айыпталгандарга Орусияга каршы согушка катышууга уруксат берген мыйзамга кол койгон.

XS
SM
MD
LG