Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:04

Литва мыйзамсыз иммиграция үчүн Беларустан 120 млн. евро талап кылууда


Литва менен Беларустун чек арасы. 9-июль, 2021-жыл
Литва менен Беларустун чек арасы. 9-июль, 2021-жыл

Литва мыйзамсыз иммиграцияны уюштургандыгы үчүн Беларустан 120 миллион евро талап кылып жатат.

Бул тууралуу Ассошейтед Пресс агенттиги маалымдады. 2021-жылы Еврошаркет Минскиге жана авторитардык жетекчи Александр Лукашенкого каршы санкция салгандан кийин Литва аркылуу биримдиктин аймагына кирүүнү көздөгөн мыйзамсыз мигранттардын, көбүнчө Африка менен Жакынкы Чыгыштын жарандарынын саны кескин көбөйгөн.

Литванын Тышкы иштер министрлиги 6-апрелде Беларуска кенемте талап кылган дипломатиялык нота тапшырылганын билдирди. 2021-жылдын жарымынан бери Вильнюс 20 миң кишиге өлкөгө кирүүгө уруксат берген эмес. Чек арачыларга ал жылдын августунда мыйзамсыз мигранттарды артка кайтарып туруу буйругу берилген.

Юстиция министри Евелина Добровольска беларус режиминин аракети “миграциянын табигый жолдору эмес” деп билдирди.

Вильнюс бийлиги 679 чакырым чек араны тикенек зым менен тосмологон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG