Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Эван Гершковичке "тыңчылык кылган" деген расмий айып тагылды


Эван Гершкович
Эван Гершкович

Орусияда Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) тергөөчүлөрү Wall Street Journal (WSJ ) басылмасынын журналисти Эван Гершковичке расмий түрдө "тыңчылык кылган" деп айып тагышты. Бул тууралуу Интерфакс жана ТАСС кабарлады. Анын иши "өтө жашыруун" грифи менен иликтенүүдө.

Журналист бардык айыптоолорду четке кагып, Орусияда журналисттик ишмердүүлүк менен алектенип жүргөнүн билдирүүдө.

Америкалык журналисттин кармалганы 30-мартта белгилүү болгон. Ошол эле күнү Москва шаарынын Лефортово райондук соту Гершковичти 29-майга чейин камоо чечимин чыгарган.

Орусиянын коопсуздук кызматы (ФСБ) аны АКШнын тапшырмасы менен аскердик өнөр жай комплексинин ишканаларынын бири тууралуу маалымат чогултуп жүргөн деп айыптаган.

Орусияда алты жылдай иштеген журналист Екатеринбург шаарында элдин Украинадагы согушка мамилеси жана “Вагнер” компаниясы тууралуу материал даярдап жүргөн.

Вашингтон жана басылма ФСБнын айыптоолорун четке кагып, кабарчыны дароо кое берүүнү талап кылган.

3-апрелде Гершкович аны камакка алуу чечимине каршы доо арыз берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG