Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

The Bell: Мишустин аткаминерлердин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салды


Михаил Мишустин.
Михаил Мишустин.

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин өкмөттүн бардык аткаминерлерин атайын уруксаты жок өлкөдөн чыгуусуна тыюу салды.

Алар чет өлкөгө расмий иштер боюнча гана чыга алат. Бул тууралуу The Bell басылмасы эки маалымат булагына таянып жазды. Ага ылайык, өкмөттүн бардык жетекчилери, анын ичинде министрлер, аппарат жетекчилери, алардын орун басарлары, департамент башчылары өлкөдөн чыгардан мурда Мишустиндин колу коюлган уруксат кагазы болушу шарт.

The Bell мындай чектөө президенттин администрациясында иштеген кызматкерлерге кирбегенин билдирген.

Март айында “Настоящее время” Кремлдин көпчүлүк кызматкерлери башка жакка чыгууга “аракет деле кылбай” турганын жазган. Былтыр бир жыл ичинде президенттин администрациясындагы кызматкерлер бир нече жолу чет өлкөгө чыгышса дагы бул үчүн уруксат берген кагазга администрациянын башчысы Антон Вайно гана кол кое алчу.

Financial Times басылмасы өткөн аптада атайын кызмат жашыруун маалымат колуна тийбей турган орто звенодогу аткаминерлердин жана мамлекеттик компаниялардын кызматкерлеринин чет өлкөгө чыгуучу паспортун алып коюп жатканын жазган. Журналисттер муну “чет өлкөгө качып же маалыматтын сыртка чыгып кетүүсүнөн корккондогу” чаралар экенин билдиришкен.

Орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков аткаминерлердин чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизилгенин ырастады. Бул айрымдарына формалдуу берилсе, кээ бир учурда кызматкердин өзүнө жараша болорун айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG