Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Журналисттер Украинада дээрлик 20 миңдей орус аскери өлгөнүн аныктады


"ЧВК Вагнердин" Краснодар крайындагы көрүстөнү.
"ЧВК Вагнердин" Краснодар крайындагы көрүстөнү.

7-апрелге карата Украинадагы согушта 19 688 орус аскери каза болгон. Алардын кеминде 1800гө жакыны мобилизацияга тартылган жарандар. Жоготууларды “Медиазона" басылмасы менен Би-Би-Си радиосунун орус кызматынын журналисттери жана ыктыярчылар аныктаган.

Мурдагыдай эле бир аптадагы жоготуулардын басымдуу бөлүгүн Бахмуттун жанындагы салгылашууларга катышып жаткан “ЧВК Вагнердин” жалданма аскерлери түзөт. Журналисттер март айында орус абактарынан жалдангандар согуштагы жоготуулардын эң көп бөлүгүн түзгөнүн белгилешкен.

Каза болгондордун 2200дөн ашыгы – орус армиясынын жана башка күч түзүмдөрүнүн офицерлери. Алардын 220дайы подполковник жана андан жогорку наамда болушкан. Согушта өлгөндөрдүн көбү Краснодар крайынын, Башкырстандын, Свердлов, Челябинск, Волгоград облустарынын тургундары болгон.

"Медиазона" согушта өлгөндөрдүн эсеби орус армиясынын Украинадагы жоготуусунун реалдуу санын билдирбей турганын, иш жүзүндө мындан да көп адам өлүшү мүмкүн экенин белгилейт. Басылма аймактык медиаларга чыккан жана жергиликтүү бийлик берген кабарлардын, каза тапкандардын туугандарынын социалдык баракчаларга жазган билдирүүлөрүнүн негизинде маалымат топтойт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG