Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

Аба ырайы: күн күркүрөп, жаан жаайт


Кыргызгидромет борборунун билдиришинче, 10-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 15...20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16 градус жылыйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13, күндүз -4...+1 градус болот.

Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 17…19° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG