Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:09

Айзаданын өлүмү: адвокат милициянын мурдагы башчысына айып коюлганын билдирди


Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу өткөн нааразылык акциясы.
Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу өткөн нааразылык акциясы.

Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын апасынын адвокаты Нурбек Токтакунов Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын мурунку жетекчиси Бакыт Матмусаевге “шалаакылык” беренеси менен айыбы угузулганын “Азаттыкка” кабарлады.

“Иликтөө жүргүзүп жаткан Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсү тарабынан Бакыт Матмусаевге “шалаакылык” боюнча айыбы угузулуп, иш прокуратурага жөнөтүлдү. Эгерде прокуратура айыпты колдосо, иш сотко өткөрүлөт. Эми сөз прокуратурада”, - деди адвокат.

Азырынча көзөмөл органдан жана Бакыт Матмусаевден комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Айзаданын өлүмүнөн кийин Ички иштер министрлигинин кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгында шаардык милициянын жетекчиси баш болгон 12 кызматкер жумуштан алынып, 40ка жакынына сөгүш берилген. Милиция кызматкерлеринин иш-аракетин "Шалаакылык" беренеси менен Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) тергеп жатканы белгилүү болгон.

Кызматтан алынган Бишкек шаардык милициясынын ошол кездеги башчысы Бакыт Матмусаев кийин ички иштер министри Улан Ниязбеков кеңешчиси болгону айтылган.

2021-жылдын 5-апрелинде Бишкекте Айзаданы бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада, автоунаадан табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча Теңизбаев кызды үйлөнүү максатында уурдаган. Айзада макул болбой койгону үчүн муунтуп өлтүрүп, зордуктап, андан кийин өз жанын кыйганы айтылган.

Жабыркаган тарап өз убагында аракет кылса жана кайдыгерлик болбосо, кыздын өмүрүн сактап калууга болмок деп милицияны айыптап келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG