Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Ленин шайлоо округуна 12 талапкер арыз берди


Бишкек шаарындагы шайлоо округдары.
Бишкек шаарындагы шайлоо округдары.

Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутатын мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 12ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Талапкер болууга арыз тапшыргандар:

1. Булекбаев Эркин Касымович

2. Кунакунов Максат Касымжанович

3. Арзыкулов Марат Замирбекович

4. Нурланбеков Актилек Нурланбекович

5. Камбаров Мирлан Адилбекович

6. Иманкулов Бекзат Муратович

7. Абдылдаев Азат Шералиевич

8. Калыков Улукбек Абдисатарович

9. Исмаилова Карачач Джумаевна

10. Сакиев Нурлан Казыбекович

11. Тербишалиев Данияр Өмүрзакович

12. Искакова Эртай Дүйшөбекович.

Арыз бергендердин баары өзүн-өзү көрсөткөндөр. Округ боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт, кайра шайлоо быйыл 28-майда өтөт.

Боршайком 27-мартта "Мекенчил" фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абировду өзү жазган арызына байланыштуу депутаттык мандаттан ажыраткан. Буга Бишкектеги ресторандардын биринде Абиров катышкан мушташ себеп болгон. Окуядан 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген, Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгогон. (TSh)

XS
SM
MD
LG