Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Исабеков Беларуста кармалып турган машинелер маселеси чечилгенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Беларустун Бажы комитетинин кызматкерлери менен ал өлкөдө кармалып турган автоунаалар боюнча сүйлөшүп, бир пикирге келгенин маалымдады. Бул тууралуу ал 10-апрелде Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Беларустун бажысында Кыргыз Республикасына бара жаткан автотранспорт каражаттарынын топтолушу боюнча сүйлөштүм. Автоунааларды тездетип өткөрүү зарылдыгы боюнча бир пикирге келиштик”, - деп жазды.

Самат Исабеков Арменияда өтүп жаткан Евразиялык экономикалык биримдиктин Бажы кызматтарынын жетекчилеринин биргелешкен жыйынына катышып жатат.

Кыргызстанга ташылып келаткан 500дөн ашуун автоунаа жыл башынан бери Беларуста кармалып турганын "Азаттыкка" машине ташып иштеген ишкерлер 29-мартта билдиришкен. Алар бул маселеге көңүл буруп, маселени ЕАЭБдин алкагында кароону, уюмдун экономикалык комиссиясына алып чыгууну кыргыз өкмөтүнөн суранышкан.

Беларус бажысы Кыргызстанга ташылып келаткан автоунаалар баасы документтерде төмөндөтүлүп көрсөтүлүп келгени үчүн кармалып турганын Кыргызстандын Минскидеги элчилигине маалымдаганы кабарланган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG