Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:32

Дания Украинага жүзгө жакын танк берет


Leopard 1 танктары. Иллюстрациялык сүрөт
Leopard 1 танктары. Иллюстрациялык сүрөт

Дания Украинага жүзгө жакын Leopard 1 танктарын жана CAESAR системаларын берет. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министринин милдетин аткаруучу Троэльс Лунд Поульсен Одессада өткөн брифингде билдирди.

"Украинага Leopard танктарын жайдын башында бере баштайбыз. Алардын жалпы саны жүзгө жакын болот деген үмүттөмүн. Бул эркиндик үчүн күрөштө украин армиясына кыйла пайдалуу жардам болот. Мындан тышкары Leopard 2 танктарын берүү маселесин да талкууласак болот", – деди Поульсен.

Поульсен кийинки жумада Украинага CAESAR артиллериялык системалары берилиши ыктымалдыгын да кошумчалады. Учурда украин аскерлери Даниянын полигондорунда аталган куралды колдонуу боюнча машыгуудан өтүүдө.

Быйыл февралда Дания, Германия жана Нидерланд Украинага берүү үчүн эски Leopard 1 танктарын калыбына келтирүүгө каражат бөлөрү белгилүү болгон. Бул үч өлкөнүн биргелешкен билдирүүсүндө Украина жакынкы айларда бери дегенде Leopard 1 A5 үлгүсүндөгү жүз танк алары айтылган. Мындан тышкары украин аскерлери машыктырылып, материалдык-техникалык колдоо, тетиктер жана ок-дарылар берилери жазылган.

Орусия 2022-жылы 24-февралда Украинага кол салган. Аскердик талдоочулар эки тарап тең чоң жоготууга учураганын белгилеп жатат.

XS
SM
MD
LG