Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Орусиянын абактарынан кыргызстандык 15 жаран экстрадицияланды


Орусиядагы абактардын бири.
Орусиядагы абактардын бири.

Быйылкы жылдын үч айында Орусиядагы абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 15 адам Кыргызстанга экстрадицияланды.

Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 11-апрелде Жогорку Кеңеште жасаган жылдык баяндамасында айтты.

"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Орусияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан биздин жарандарды алып келүү боюнча бардык инстанцияларда сүйлөшүү жүрүп жатат. Ушул тапта Орусиядагы жабык жайларда миңден ашык кыргыз жараны камакта", - деди Зулушев.

Расмий маалыматтарга караганда, орус абактарында отурган кыргыз жарандарынын көбү маңзат менен кармалган.

"Вагнердин" катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар.

Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG