Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Белгород аэропортуна белгисиз дрон кулап, жарылып кетти


Белгороддогу мунай кампасы. Июль, 2022-жыл
Белгороддогу мунай кампасы. Июль, 2022-жыл

Орусиянын Белгород шаарындагы аэропортко 10-апрелде белгисиз дрон кулап, жарылып кеткени шейшембиде маалымдалды.

Алгач бул тууралуу Baza жана Shot Телеграм-каналдары жазып, кийин чукул кызматтарга таянып РИА Новоти агенттиги бышыктады.

Маалыматка караганда, жабыркагандар жок, аэропорттун тосмосуна зыян келтирилди.

Ал эми Телеграм-каналдар жардыргыч зат менен дүрмөттөлгөн учак түрүндөгү жабдык аэропортко чабуул койгонун, тосмолор менен сигнализация зымдары жарым-жартылай бузулганын жазышты.

Былтыркы 24-февралдан тарта Украина менен чектеш Белгород аэропорту жарандык учактарды кабыл алууну токтоткон.

Быйыл февралда ал жерге бир нече дрон кулаганы маалымдалган. Бийлик эч ким жабыркабаганын, бир нече турак жай менен машинелер зыянга учураганын билдирген.

Украина менен чек арага жакын Орусиянын Белгород, Брянск жана Курск облустары аткылоолорго туш болуп, айрым учурларда кыйроолор менен курмандыктар болот. Аймактык бийликтер чабуулдардын артында Украина турганын айтса, Киев андай билдирүүлөрдү комментарийсиз калтырууда.

XS
SM
MD
LG