Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

БУУ "Талибандын" тыюусунан улам "иренжитүүчү тандоо" жасоого аргасыз экенин билдирди


Кабул, 19-март 2023-жыл
Кабул, 19-март 2023-жыл

“Талибан” жергиликтүү кыз-келиндердин уюмда иштөөсүнө тыюу салгандан кийин БУУ Ооганстанда калуу же калбоо маселесин караштырып жатканын билдирди.

Талибдер уюмду “өлкөдө калып, ооган элине жардам берүү жана биз коргоого милдеттүү нормалар менен принциптерди сактоо маселесинин ортосунда “иренжитүүчү тандоо" жасоого аргасыз кылууда”, - деп белгиледи Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясы (UNAMA) 11-апрелде .

Маалыматка караганда, баш катчынын атайын өкүлү, миссиянын жетекчиси Роза Отунбаева 5-майга чейин маселени карап чыгуу жараянын баштады.

AFP агенттиги БУУ Ооганстандагы миссиясынын ишин убактылуу токтотуу тууралуу кыйытып жатканын боолголойт.

Бир нече кун мурун өлкөнү башкарып жаткан "Талибан" кыймылы жергиликтүү аялдар эл аралык уюмдун кеңселеринде иштей албайт деп эскерткен.

БУУ оогандык аял кызматкерлеринин иштөөсүнө салынган тыюуну "кабыл алынгыс, кыз-келиндердин укуктарын одоно бузган чечим" деп сыпаттаган.

Уюмдун Ооганстандагы кеңселеринде 400дөй жергиликтүү аял иштейт.

Талибдер бул тыюуга байланыштуу комментарий жасаган жок.

Кыймылдын бийликке келиши менен ансыз да согуштан жабыркаган Ооганстанда экономикалык кырдаал ого бетер начарлады, гуманитардык кризис каптады.

2021-жылы жайында бийликке кайтып келери менен "Талибан" ооган кыз-келиндеринин укуктарын катуу чектөөгө киришип, жогорку билим алуусуна, бир топ өкмөттүк мекемелерде иштөөсүнө тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG