Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:33

Украинада дагы бир тажик жараны окко учканы беш айдан кийин белгилүү болду


Вагенрчилердин Подмосковьедеги көрүстөнү. Иллюстрациялык сүрөт
Вагенрчилердин Подмосковьедеги көрүстөнү. Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын түрмөсүндө отурган Тажикстандын дагы бир жараны Украинада окко учканы маалым болду. “Озоди” радиосу маркумдун жакындарына таянып билдиргенине караганда, Вахдат шаарынын 30 жаштагы тургуну Мухаммаджон Комилов 2021-жылы маңзаттарын мыйзамсыз ташыган деген негизде соттолгон.

Ал былтыр ноябрда каза тапканы тууралуу үй-бүлөсүнө апрелде гана кабар берилген. Кандай жагдайда жана кайсы жерде набыт болгону белгисиз.

Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгүн Москванын четиндеги Ногинск шаарына коюшкан.

Орусияда жазасын өтөп жатып, согушка жалданган жана ал жакта каза тапкан тажикстандыктардын так саны белгисиз. "Озоди" радиосуна 20 чакты учур тууралуу белгилүү болгон.

Тажик бийлиги жарандарын Украинадагы согуштук аракеттерге катышуудан карманууга чакырган.

Орус армиясы былтыр жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин "Вагнер" менчик компаниясы абакка кесилгендерди жалдап, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Алардын катарында орус абактарында отурган кыргыз, өзбек жана тажик жарандары да бар.

Абактан согушка тартылып, өлгөндөрдүн алтоо кыргызстандык экени аныкталган.

XS
SM
MD
LG