Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Ажылык зыяраттын баасы 3900 долларга бааланды


Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2023-жылдагы ажылык сапардын баасы кыргызстандык жарандар үчүн 3900 долларды түзгөнүн маалымдады.

Муфтияттын сайтындагы маалыматка ылайык, мунун ичинен 1360 доллар учак билетинин баасы; 2080,19 доллар мейманкана, транспорт, тамак-аш акысы жана түрдүү жөрөлгөлөрдүн, коронавирустан коргоо жана коопсуздугун камсыздандыруу чыгашасына жумшалат. 459,81 доллары ажылык үчүн атайын тигилген кийимдин наркы, ажыга баруучуларды менингит жана сасык тумоого каршы эмдөө каражаттарынын, дарыгерлердин, штаб мүчөлөрүнүн жана башкалардын чыгымдары үчүн сарпталат.

Муфтияттын талабына ылайык, ажылыкка катталып, буга чейин миң доллардан төлөгөн жарандар 12-апрелден 17-апрелге чейин РСК банк аркылуу калган 2900 долларды төлөөгө тийиш.

Быйыл Сауд Арабиясы Меккеге ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 6110 орун бөлүп берген. Бул жылы ажылык сапар июнь айынын соңунда башталат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG