Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

Башкы прокурор парламентте “Кумтөр иши” боюнча маалымат берди


Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин 12-апрелдеги жалпы жыйынында “Кумтөр” ишканасындагы коррупция боюнча козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берди. Анын айтымында, тергөөдө мамлекеттик казынага жалпы 1 млрд. 146 млн. сом зыян келтирилгени аныкталып, анын 80% өндүрүлдү. Шектелип кармалгандардан эки киши үй камагына чыгарылган.

“Кумтөргө” байланыштуу Эсеп палатасы текшерген, аны менен бирге Башкы прокуратуранын тергөө тобу дагы текшерди. Төрт кылмыш иши козголуп, 1 млрд. 146 млн. 449 миң сом зыян келтирилген. Бүгүнкү күндө аталган зыяндын 830 млн. сому өндүрүлдү. Камактагы төрт кызматкердин экөө үй камагында. Ал эми Тенгиз Бөлтүрүктү кайрадан суракка чакырды. Ал башынан бери сурак берүүдөн баш тарткан”, - деген Зулушев ким канча төгүп, үй камагына чыкканын тактаган жок.

Ал жакынкы күндөрү иш тергелип бүтүп, сотко өткөрүлөөрүн кошумчалады.

Башкы прокуратура 2022-жылы 13-сентябрда “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу Тенгиз Бөлтүрүктү, “Кумтөрдүн” ошол кездеги жабдуу боюнча адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогуловду кармаган. Ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго издөө жарыяланып, быйыл 14-январда “Манас” эл аралык аэропортунан кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалган.

Бөлтүрүк буга чейин бир нече жолу билдирүү таратып, күнөөсүз экенин айткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG