Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Депутат Сурабалдиева жолго бөлүнгөн акча боюнча прокуратуранын ишин сындады


Бишкек көчөлөрүнүн бири. Архив.
Бишкек көчөлөрүнүн бири. Архив.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева жолго бөлүнгөн 528 млн. сомдун дайыны чыкпай, Бишкектин Биринчи май районундагы 12 көчө жасалбай турганын билдирди. Депутат башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, жоголгон миллиондор боюнча кылмыш иши узарып кеткенин сындады.

“Бишкекасфальтсервис" мекемесине 2017-2020-жылдары 800 млн. сомдон ашык акча бөлүнүп, анын 528 млн. сому дайынсыз. Алты жылдан бери прокуратура “кылмыш иши жанданды, жүрүп жатат” деген ыңгайлуу жооп берип келет. Бирок, аягына чыкпай келет. Биринчи май районунда 12 көчөнүн жолу жасалып баштап, аягына чыга элек. Мэрия кагаз боюнча акча бөлүнгөнүн айтып, жолду жасабай турганын айтышты”, - деди Сурабалдиева.

Зулушев бул боюнча кылмыш иши Бишкек шаардык прокуратурасында тергелип жатканын, кат жүзүндө кенен маалымат берерин билдирди.

Мэрия 1 миллиард сомго жакын акчанын эсебин таппай жатканы тууралуу "Азаттык" “Жолдон жоголгон 934 миллион сом" деген иликтөө жарыялаган. Бюджеттен жоголгон бул каражат жол курулушуна жумшалмак.

Мурдагы мэр Айбек Жунушалиев иликтөөдө аталган сумма дебитордук карыз экенин бышыктап, анын бир бөлүгүнүн эсеби табылганын айткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG