Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Депутат Мажитова мамлекеттик кызматтардагы гендердик квота маселесин көтөрдү


Жергиликтүү кеңешке шайланган аял депутаттардын жыйыны. 15-июнь, 2021-жыл.
Жергиликтүү кеңешке шайланган аял депутаттардын жыйыны. 15-июнь, 2021-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, укук коргоо органдарында иштеген аялдардын санын көбөйтүүгө чакырды. Мажитова аялдардын органдарда иштеши менен үй-бүлөлүк зомбулукту азайтууга болорун билдирди.

“Бизде гендердик квота сакталбай келет. Мына сизден (ред: Башкы прокуратура) жети адам келди. Ошонун үчөө аял болгондо көрктүү болмок. Үй-бүлөлүк зомбулук, балдардын көйгөйү дагы чечилмек”, - деди депутат.

Башкы прокурор Зулушевдин маалыматына караганда, көзөмөл органда жалпы 1014 кызматкер болсо, анын 155и аял. Прокуратурада 11 аял жетекчилик кызматта эмгектенет. Зулушев көзөмөл органда аялдар жетиштүү экенин билдирди.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин гендердик теңдигинин сакталбай жатышы көп талкууланып келет. Мыйзамда ар бир мамлекеттик мекемеде бир жыныстагы кызматкерлер жалпы жамааттын 70% ашпашы керек деп жазылган.

Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 19у же 21% гана айымдар. Министрлер кабинетинин 21 мүчөсү болсо, анда бир эле аял министр бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG