Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:47

"Чалбасы кыргыздары. Эсимде" даректүү тасмасынын бет ачары өтөт


Өткөн кылымда Сталиндик репрессияга кабылып, кулакка тартылгандардын тагдырын баяндаган "Чалбасы кыргыздары" даректүү тасмасынын расмий бет ачары бүгүн, 13-апрелде "Манас" кинотеатрында өтөт.

"Эсимде" изилдөө аянтчасынын атайын долбоорунун алкагында тартылган тасма саат 16:00до башталат. Кирүү акысыз.

Тасма 1930-жылдары Кыргызстандын аймагынан Украинанын Херсон облусуна сүргүнгө айдалган үй-бүлө тагдырларын жана ал доордогу саясий процесстерди чагылдырат. Анда — сүргүн окуялары жана бөтөн жерде болуп өткөн кайгылуу жылдар жөнүндө күбөлөрдүн эскерүүлөрү, сүрөттөрү, сүргүнгө айдалгандардын урпактарынын баяндамалары жана архивдик булактардан алынган материалдар камтылган. Тасмада бул тууралуу каармандар өз тагдырлары менен бөлүшөт.

16-февралда тасма тар чөйрөдө көрсөтүлгөн эле. Тасмада Украинанын Виноградово (мурдагы Чалбасы) кыштагына 1930-жылдары "кулак", "эл душманы" деп айдалып барып, ошол жакта көз жумган кыргыздар жаткан жайдын четине 2013-жылы эстелик тургузулган. Кыштакта 1944-жылдын аягына чейин 500гө чамалуу кыргыз жашаган. Виноградовонун эли кыргыздар көмүлгөн жайды "Кыргыз мазар" деп аташат.

XX кылымдын 30-жылдарынын башында Орто Азиядан кулакка тартылгандар Украинага он жылдык мөөнөткө сүргүнгө айдалышкан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG