Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Элчилик Орусияга 17 жаштагы баланын өлүмүнө байланыштуу нота жөнөттү


Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Жакындары берген сүрөт.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Жакындары берген сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ал өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине киши колдуу болгон 17 жаштагы бала боюнча нота жөнөттү. Анда оор кылмышты жасагандарга мыйзам чегинде жаза берүү, фактыны териштирүүнү өтүнгөн. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Москва облусунун Подмосковье аймагында киши колдуу болгон кыргызстандык Анвар Кубанычбек уулунун апасы Махабат Жанышева Орусиянын Тергөө комитетине кайрылган. Ал 13-апрелде Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, уулунун өлүмүн кылдат иликтөөнү суранган.

Жанышева орусиялык тергөөчүлөр Анвар өлтүрүлгөн учурда анын жанында болуп, токмок жеген Раатбек аттуу тууганынан арыз алуудан баш тартканын, бул иш боюнча тергөө-иликтөө иштери жүрбөй жатканын айтты.

Бычакталган Анвар Кубанычбек уулунун сөөгү 26-мартта Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында жерге берилген.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги анын өлүмү боюнча 24-мартта билдирүү тараткан. ИИМ кылмышка шектүү катары 20-21 жаштардагы төрт кыргыз жараны кармалганын кабарлаган. Шектүүлөрдүн жанынан пневматикалык курал жана бычак табылган.

Милиция адам өлтүрүүгө себеп болгон чыр жөнүндө маалымат берген эмес, окуя боюнча Москва облусуна караштуу Красногорск шаарынын тергөө бөлүмү "Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козгогонун кабарлаган.

Ушу тапта Орусияда 2 миң кыргызстандык түрмөдө жатат. Расмий маалыматка ылайык, 7 миллион калкы бар Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG