Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы психо-неврологиялык ооруканадагы бактан эки ай мурун жоголгон бейтап аялдын сөөгү табылды. Сөөк бакта асынган абалында эки айдай турганы аныкталды. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы улуттук борбор маалымдады.
Аталган борборго Ак-Суудагы психо-неврологиялык ооруканадагы бактан 10-апрелде асылып турган аялдын сөөгү табылганы тууралуу кабар 11-апрелде келип түшкөн. Маркум аталган ооруканада дарыланып жаткан бейтап болгон, эки ай мурун дайынсыз жоголуп, издөө жарыяланган.
"Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери милиционерлер жана оорукана жетекчилиги менен чогуу окуя болгон жерди кароо жүргүзүштү. Маркум менен чогуу жаткан бейтаптар менен сүйлөштү. Тергөөчү бул факт боюнча иш ачып, атайын экспертиза дайындалды", деп жазылган маалыматта.
Кыйноолорго каршы улуттук борбор жабык жайларда жана абактарда өлүм күч алганы тууралуу баяндамасын 10-апрелде жарыялаган. Андагы маалыматтарга ылайык, 2019-2021-жылдар аралыгында Кыргызстандын тергөө абактарында жана түзөтүү мекемелеринде суицидден он адам, анын ичинде жашы жете элек өспүрүм набыт болгон
Мындан тышкары маңзатка ууланып эки киши, бычактан, ок атуучу куралдан жараат алган, башы жарылып, мээси чайкалып, жамбаш артериясы жабыркап, колу-буттары көп жеринен сынган алты адам көз жумган.(ZKo)