Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Евгения Судец өзү тууралуу талкууларга пикирин билдирди


Евгения Судец.
Евгения Судец.

Мамлекеттик өнүгүү банкынын мурдагы жетекчиси Евгения Судец өзү тууралуу айтылган маалыматтар жана коомчулуктагы талкуу тууралуу пикирин “Вечерний Бишкек” басылмасына берген маегинде билдирди. Ал соңку жарым жыл ичинде өзү жана кызматкерлер маяна албаганын, банк үчүн бөлүнгөн каражаттын баары Улуттук банктын эсебинде турганын айткан.

“Ошондой эле мамлекеттик банктын жана анын концепциясы үчүн иштегендердин баары аз акчага иштебеген инвестициялык банкирлер. Бирок бул маяналар эч качан төлөнгөн жок. Финансы министрлиги 2 млрд. которгон жана ал ошол бойдон турат”, - деген Судец.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 11-апрелде парламенттин эки комитети баш прокурор Курманкул Зулушевдин отчетун угуп жатканда Судец өзүнө 1 млн. сом маяна коюп алганын айтып чыгып, бул маселени териштирүүнү сунуштаган.

Судец Бакиевдер менен эч кандай байланышы жок экенин жана аларды тааныбай турганын да айткан. “Дастан” заводунун мурдагы жетекчиси, энергетика тармагындагы ири коррупциялык схемаларда аты аталган Алексей Ширшовду тааный турганын, бирок эч кандай катышы жок экенин белгилеген. Берген маегинде ал бир учурда “Мегакомдун” (азыркы "МЕГА") 51% акциясына ээлик кылган Eventis Telecom компаниясынын бир ээси Владимир Андросик анын жолдошу экенин ырастап, аны Кыргызстанга салган чоң суммадагы капиталы рейдерлерге, кийин мамлекетке өткөн “жабырлануучу тарап” катары көрсөткөн.

Судецтин аты мамлекеттик “Альфа Телеком” ишканасы (мурдагы MegaCom, азыркы Mega мобилдик байланыш компаниясы) 14,6 миллиард сомго бааланып, сатыкка коюлганына байланыштуу чыккан журналисттик иликтөөдө аталган.

“ПолитКлиника” медиасы “МЕГАны” Максим Бакиевдин жакындары башкарууну көздөп жатат” деген аталыш менен 29-мартта иликтөө жарыялаган. Анда “МЕГА” компаниясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатуудагы күмөндүү жагдайлар жана бул иште Максим Бакиев менен байланышы болушу мүмкүн болгон адамдар тууралуу сөз болгон. Кирешелүү ишкана былтыр Кыргызстандын жарандыгын алган Евгения Судец жетектеген мекемеге өтөрү, анын жолдошу болушу мүмкүн деген Владимир Андросиктин Максим Бакиевге байланышы бар экени айтылган.

Баш прокурор Курманкул Зулушев 12-апрелде Жогорку Кеңештеги жылдык баяндамасында журналисттик иликтөөдөн кабары жок экенин, депутаттын көтөргөн маселесин карап чыгып жооп берерин билдирген.

Былтыр декабрда Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчиси болуп дайындалган Евгения Судец кызматтан өз арызы менен кеткени 14-апрелде белгилүү болду.

Президент Садыр Жапаровдун №239 жарлыгына ылайык, Орусиянын жараны Судецке 2022-жылы 18-июлда жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кыргыз жарандыгын берүүнүн негиздемеси көрсөтүлгөн эмес. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG