Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Рита Карасартованын бөгөт чарасын кароо 18-апрелге жылдырылды


Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагына камалган укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасын 18-апрелде карай турган болду.

Буга бүгүн, 17-апрелдеги отурумга анын жактоочусу Айдар Сыдыковдун ден соолугуна байланыштуу келбей калганы себеп болду. Бул тууралуу райондук соттун судьясы Нурдин Ибраимов “Азаттыкка” билдирди.

Карасартова сот кандай гана чечим чыгарбасын даяр экенин, дээрлик беш айдан бери төрт жолу тергөөгө сурак берип чыкканын айтты.

Биринчи Май райондук соту 12-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагында жаткан Гүлнара Журабаеваны, активист Чыңгыз Капаровду, Клара Сооронкулованы, Асия Сасыкбаеваны, Улукбек Маматаевди жана Таалайбек Мадеминовду үй камагына чыгарган.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган Илгиз Шаменов 10-апрелде ооруканага жаткырылган. Бул ишке байланыштуу кармалып, камалган Перизат Суранова, Орозайым Нарматова, Нурланбек Асанбеков, Талантбек Эшалиев мурда ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын 20дан ашыгы камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган.

Кемпир-Абад иши "жашыруун" деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон. ИИМ бул боюнча жана корутунду тууралуу комментарий бере элек. Адвокаттар аны ачык өткөрүү арызы менен сотко кайрылышкан.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар өздөрүнө козголгон иштерди саясий куугунтук деп атап келет. Президент Садыр Жапаров былтыр 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде, Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандар үчүн "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп айткан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. “Массалык башаламандыкка” шектелип кармалгандардын арасынан 4-5 кишиге кошумча айып коюлганы кабарланган.

Эл аралык уюмдар, элчиликтер жана жергиликтүү укук коргоочулар Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын ишин калыс карап, кыргыз бийлигин аларды бошотууга чакырып келет. (KS)

XS
SM
MD
LG