Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

Муфтият Райымбек Матраимовго ыраазычылык кат берилгенин ырастады


Экс-бажычы Райымбек Матраимов менен муфтий Замир Ракиев. Муфтияттын имаратына капсула салуу учуру. 30-август, 2022-жыл.
Экс-бажычы Райымбек Матраимов менен муфтий Замир Ракиев. Муфтияттын имаратына капсула салуу учуру. 30-август, 2022-жыл.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго ыраазычылык кат берилгенин ырастады.

Мунун алдында “Исмаил Матраимов” коомдук фонду“ Райым миллион” деген каймана аты бар Райымбек Матраимовго муфтий Замир Ракиев ыраазычылык кат тапшырып жатканы тартылган видеону жарыялаган. Ал Кара-Суу районундагы “Исмаил ата” мечитинде 16-апрелде берилгени белгилүү болгон. Бул мечитти бир тууган Матраимовдор атасынын урматына салдырган.

2022-жылдын август айында муфтияттын жаңы имаратын Райымбек Матраимов башында турган "Исмаил ата" фонду куруп жатканы ачыкка чыккан. Анын капсула салуу аземине муфтий Замир Ракиев, Райымбек Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов, Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров жана диний кызматкерлер катышкан.

Имарат Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан Имам Сарахси мечитине кошуна салынып жатат. Муфтият өзүнүн имаратын ижарага алып отургандыктан, жаңысын куруу үчүн демөөрчүлөргө кайрылганын, ага Матраимовдор оң жооп бергенин маалымдаган.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов алгачкы жолу 2020-жылдын 20-октябрында кармалган. 2021-жылдын февраль айында УКМКга сурак бергенден кийин экинчи жолу кармалган. Ага кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып тагылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду “Коррупция” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Матраимовго карата соттун чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, 14-февралда Бишкекте аны камакка алууну талап кылган бир нече акция өткөн.

АКШнын Финансы министрлиги 2020-жылдын декабрында Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы “Магнитский акты” деп аталган “кара тизмеге” киргизген.

“Азаттык” радиосу, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө” долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү “Kloop” медиасы чогуу жүргүзгөн “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо”, “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Аталган иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк "Исмаил Матраимов" атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG