Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:04

№26 Ленин округунан шайлоого катышууга арыз бергендер 18ге жетти


Бишкек шаарындагы шайлоо округдарынын картасы.
Бишкек шаарындагы шайлоо округдарынын картасы.

Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайрадан шайлоого катышууга ушул күнгө чейин жалпы 18 адам арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында кабарланды.

Акыркы болуп депутаттыкка Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Айбек Субанов өзүн-өзү көрсөткөн. Анын алдында “ЭрК” партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылыштарынын депутаты Турсунбай Бакир уулу арыз берген.

Округ боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо быйыл 28-майда өтөт. Боршайком шайлоонун жалпы сметасын 18 млн. 636 миң 500 сом деп эсептеген.

Боршайком 27-мартта Жогорку Кеңештин депутаты, "Мекенчил" фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абировду өзү жазган арызына байланыштуу мандаттан ажыраткан. Буга Бишкектеги ресторандардын биринде Абиров катышкан мушташ себеп болгон. Окуядан 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгогон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG