Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Кара-Мурзага чыккан өкүмгө бир катар өлкөлөр камтамачылык билдирди


Владимир Кара-Мурза
Владимир Кара-Мурза

Латвия орусиялык саясатчы Владимир Кара-Мурзага каршы ишке тиешеси бар 10 орус жаранына өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичс билдирди.

Ал Кара-Мурзага чыгарылган айыпты адилетсиз жана катаал өкүм болгонун, Евробиримдикти Орусияга каршы жаңы санкцияларды салууга үндөдү.

Кара-Мурзага чыккан өкүмгө байланыштуу мурдараак Британиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчиси Андрей Келинди чакырткан.

Кара-Мурзанын ишин АКШдагы "Магнитский тизмесине" кирген судья Сергей Подопригоров карады. Британиянын Тышкы иштер министрлиги бул фактыга көңүл буруп, саясатчынын камакка алууга тиешеси барларды жоопко тартууга багытталган кадамдарды караштыра турганын белгиледи. Владимир Кара-Мурзанын орус паспортунан тышкары британ паспорту да бар.

АКШнын Орусиядагы элчиси Линн Трейси соттон чыгып баратканда "режимди сындагандардын кылмыш жоопкерчилигине тартылышы күчтүн эмес, алсыздыктын символу" экенин айтты. Ал АКШ орус бийлигин Кара-Мурзаны бошотууга чакырууну уланта турганын билдирди.

Москва шаардык соту Владимир Кара-Мурзаны 25 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кести. Бир жылы мурун кармалган саясатчыга каршы "Орус армиясы тууралуу жалган маалымат таратуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Буга анын Кошмо Штаттардын Аризона штатындагы мыйзам чыгаруучулардын алдында орус бийлигин жана Украинадагы согушту сындаган сөздөрү себеп болгон.

10-апрелде Кара-Мурза акыркы сөзүн сүйлөгөндө өзүнө тагылган күнөөнү мойнуна алган эмес жана ишмердиги менен сыймыктанарын айткан.

Владимир Кара-Мурза - 42 жашта, саясатчы, журналист, режиссёр, публицист. Борис Немцовдун эркиндик фондунун башкаруу кеңешинин мурдагы төрагасы, 2015-2016-жылдары Элдик эркиндик партиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. "Тилектештик" демократиялык кыймылынын бюросунун, орус оппозициясынын координациялык кеңешинин мүчөсү болгон. "Эркин Орусия" фондунун вице-президенти катары эмгектенген. 2019-жылдын 7-сентябрынан 2022-жылдын 26-февралына чейин "Эхо Москвы" радиосунда апталык талдоо программасынын алып баруучусу болгон.

XS
SM
MD
LG