Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Президент УКМК кармаган акимди кызматтан алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Жанысак Сатыбалдиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.

Жанысак Сатыбалдиев президенттин 2021-жылдын 22-майындагы жарлыгынын негизинде Базар-Коргон районуна аким болуп дайындалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) быйыл 14-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты жана “Альфа Телеком” ишканасынын аймактык филиалынын директору Байгазы Эргешов менен Жанысак Сатыбалдиевди алдамчылыкка шек санап кармаган.

Айрым маалымат каражаттары Эргешов менен Сатыбалдиевдин ишин кароону Жалал-Абад шаардык соту 15-мартта токтотуп, аларды кылмыш жоопкерчилигинен бошотконун кабарлап жатышат.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, алар Базар-Коргон шаарына кайрадан мэр болгусу келген жарандан 20 миң доллар алдап алган жана аны президент Садыр Жапаровго бере турганын айтышкан. Мурдагы убадасын аткарбай, акчасын кайтарбай, акча берген жаранды коркута баштаганы маалымдалган.

Кармалгандардын жакындары жана жактоочулары буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Райондун борбору – Базар-Коргон айылы 2021-жылы февралда шаар болуп өзгөргөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG