Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

АКШ: Кытай полициясы чет жактарда жашаган диссиденттерди куугунтуктаган


Кытайдын полициясы жайгашкан делген имарат. Нью-Йорк, 17-апрель, 2023-жыл
Кытайдын полициясы жайгашкан делген имарат. Нью-Йорк, 17-апрель, 2023-жыл

АКШнын Юстиция министрлиги Кытай полициясынын 40 кызматкерин чет жактарда, анын ичинде Америкада жашаган кытайлык активисттерди мыйзамсыз аңдыганы, куугунтуктаганы үчүн айыптады. Мекеме билдиргендей, Кытайдын бийлиги коммунисттик партиянын саясатына макул эместерди репрессиялоо үчүн атайын жашыруун түйүн түзгөн.

Тергөөчүлөрдүн версиясына ылайык, полиция социалдык тармактарда жалган аккаунттарды түзүп, чет өлкөлөрдө жашаган диссиденттердин аброюна шек келтирген маалыматтарды таратып турчу. Айрымдары америкалык телекоммуникациялык компанияларда иштегендер менен кызматташып, алардын жардамы менен диссиденттердин медиа платформаларга кирүүсүнө тоскоолдук түзүүгө аракет көргөн. Мындан тышкары тыңчылык кылуу жана башка иштерге АКШнын жарандарын жалдачу.

Нью-Йорк полициясынын өкүлү Бреон Пистин айтымында, айыпталып жаткан 34 киши Кытайдын коомдук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери. Алар чет жактардагы кытайлык оппозиционерлердин артынан аңдуу менен алектенген атайын бөлүктө иштешет.

Рейтер агенттиги кабарлагандай, дүйшөмбү күнү Нью-Йоркто кытайлык полициянын жашыруун бөлүгүн түзүүгө шектелген эки киши кармалды.

Буга чейин укук коргоочу уюмдар Кытайдын атайын кызматы кеминде 53 өлкөдө иштеген жарым-жартылай полиция өкүлчүлүктөрүн иштетет деп маалымдашкан. Алар кытайлык жарандарды аңдуу, куугунтуктоо, Кытайга күчтөп кайтаруу, каралоо менен алектенери айтылган.

Бээжин полиция бөлүктөрү бар деген фактыны танбайт, бирок кызматкерлер башка жерлерде жашаган мекендештерге документтерди узартуу, күбөлүк алуу өңдүү иштерге жардам беришерин айтып келет.

XS
SM
MD
LG