Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Сот Адилет Балтабайды пробациялык шарт менен абактан чыгарды


Адилет Балтабай.
Адилет Балтабай.

Жогорку Сот 19-апрелде Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин арызын карап, аны канааттандырды. Ага карата үч жылдык пробациялык көзөмөл өкүмүн күчүндө калтырды.

Балтабай Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку Сотко кайрылып, үй-бүлөсүн карай турган жалгыз киши экенин айтып, абактан бошотууну өтүнгөн.

Блогер быйыл 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, камакка алынган. Ага чейин былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Биринчи май райондук сотунда "Жапырт башаламандык" беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган.

Быйыл январда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарып, активист кайра камакка алынган болчу.

Адилет Балтабай өкмөттү сындаган түрдүү акцияларды социалдык түйүндөр аркылуу түз эфирде чагылдырып, өз пикирин ачык айтып жүргөн.

Милиция анын күнөөлүү экенине далил бар экенин билдирсе, активист, жакындары жана адвокаттар кылмыш ишин анын социалдык тармактардагы активдүүлүгү, бийликти сындаганы менен байланыштырган. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG