Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

Молдова орусиялык дипломатты персона нон-грата деп жарыялады


Гагаузиянын Комрат шаары. Молдова.
Гагаузиянын Комрат шаары. Молдова.

Молдова Орусиянын элчисин чакыртып, дипломатиялык миссиянын мүчөсүн персона нон-грата деп жарыялады. Молдова өкмөтүнүн басма сөз катчысы Даниел Воденин айтымында, мындай чечим элчиликтин кызматкеринин Кишинев аэропортунда орусиялык саясатчыны киргизбей койгон молдовалык чек арачыларга жасаган аракеттеринен улам кабыл алынды. Дипломаттын аты аталган жок.

17-апрелде Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Миннихановго Молдовага кирүүгө тыюу салынган. Ал “Эл достугу – 2023” эл аралык дипломатиялык конгрессине катышуу үчүн Кишиневго барганын айткан. Бирок Молдованын чек арачылары ага учактан түшүүгө уруксат беришкен эмес жана артка кайтарышкан.

"Интерфакс" агенттиги Молдованын чек ара кызматынын өкүлүнүн "Татарстан делегациясынын сапары макуллашылган эмес, Гагауз аймагынын администрациясы эл аралык форум пландаган жок" деген сөздөрүн келтирди. Ошондой эле Кишинев Миннихановдун келишин ички иштерге кийлигишүү деп кабыл алган.

Гагауз аймагында жакында шайлоо өткөну жатат. Маалымат каражаттары жергиликтүү жетекчилер орус саясатчыларынын колдоосун алууга аракеттенгенин жазышты.

Жыйында Гагаузиянын саясатчылары жана коомдук ишмерлери Молдованын бийлигин бир нече жолу сынга алышканын "Коммерсант" гезити жазды. Алардын көбү Орусиянын Украинадагы согушун колдойт.

XS
SM
MD
LG