Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Эсептөө палатасынын төрагасы эреже бузуудан улам алты кызматкер иштен кеткенин айтты


Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов.
Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов.

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында “Эсептөө палатасы жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов долбоор тууралуу баяндама жасап, аталган мыйзам Эсептөө палатасынын укуктук макамын, ишинин негиздерин жана принциптерин аныктай турганын билдирди.

Талкуу учурунда депутат Нуржигит Кадырбеков мамлекеттик бюджеттен курулуп жаткан объектилердин баасы кымбатка түшүп жатканын жүйө келтирип, мекеме жетекчилигин аны көзөмөлдөөгө чакырды. Ал ошондой эле Эсептөө палатасынын кызматкерлери текшерүүгө барган учурда аларга мейманкана даярдалып, ресторанда сыйланып, белек-бечкек берилип жатканын сынга алды.

Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов муну менен күрөш жүрүп жатканын, мекеме мындай иштерге аралашкан кызматкерлерден тазаланып жатканын маалымдады.

“Мындай иш буга чейин көп болуп келген экен. 2023-жылдан баштап кызматкерлерибиздин маянасы көтөрүлдү, жеткиликтүү эле болуп жатат. Андай элементтер менен биз дагы ич ара күрөш жүргүзүп жатабыз. Мындай нерселердин айынан бизде алты кызматкер иштен бошотулду. Зарыл болсо алардын фамилияларынан бери беребиз. Бара-бара мындан толук арылабыз”, – деди Акматов.

“Эсептөө палатасы жөнүндө” мыйзамдын мурдагы редакциялары Кыргызстанда 1996-жылы, 1998-жылы жана 2004-жылы кабыл алынган. 2021-жылы Конституция жаңы кабыл алынганына байланыштуу “Эсептөө палатасы жөнүндө” мыйзам да жаңыланганы жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG