Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

Тоолуу Бадахшандын бейформал лидери Толиб Айёмбековдун бир тууганы кармалды


Рашид Айёмбеков
Рашид Айёмбеков

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда аймактын бейрасмий лидери Толиб Айёмбековдун бир тууганы Рашид кармалды. "Озоди" радиосу шейшембиде жазгандай, аны 14-апрелде облустун Дарваз районунан чыгып бараткан жерден кармашкан.

Маалыматка ылайык, бийлик анын себебин айткан жок. Рашид Айёмбеков Хорогдогу тергөө абагында кармалууда.

Айёмбековдордун тууганы кабарчыларга айтып бергендей, ушу тапта үй-бүлөнүн тогуз мүчөсү абакта отурат. Үч ага-ининин арасынан Рашид гана эркиндикте жүргөн. Ал "Тез жардам" кызматында айдоочу болуп иштечү.

Толиб Айёмбеков Хорогдогу мурдагы талаа командири. Жарандык согуштан кийин мамлекеттик түзүмдөргө кирип, Ички иштер министрлигинин бөлүгүндө кызмат өтөгөн.

Аны былтыр 11-июнда башка жергиликтүү лидерлер менен кошо май айындагы окуялардан кийин кармашкан. Расмий маалымат боюнча алар адам өлтүрүү, бейбаштык, тоноо, аткезчилик, курал сактоо, бандитизм жана башка өзгөчө оор кылмыштарга аралашкан. Жергиликтүү калк кармалгандарды "бейрасмий лидер" жана "жарандык активист" деп билет.

Жогорку Сот Айёмбековду өмүр аягына чейин кескен. Анын балдары жана иниси да эркинен ажыратылган.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунда былтыр 14-майдан тартып нааразылык акциялары башталган. Күч органдары 18-майда жол тоскон адамдарды "деструктивдүү күчтөр" деп атап, аларга каршы "антитеррордук операция" өткөргөн. Анда тажик бийлиги "сегиз жоочу жок кылынганын, 11и жарадар болгонун” маалымдаган. Башкы прокуратура былтыр октябрда билдиргендей, 109 кишиге кылмыш иш козголгон. Айыпталгандар жана жакындары алар күнөөсүз экенин айтып келишет.

Эл аралык уюмдар Тоолуу Бадахшандын тургундарын мыйзамсыз камоону жана адилетсиз сотту токтотууга чакырууда.

Тажикстандын бийлиги өлкөдө адам укуктары жана сөз эркиндиги толук сакталат деп билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG