Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:33

Украина Patriot абадан коргонуу системаларын алганын билдирди


Patriot абадан коргонуу системаcы. Польша. Иллюстрациялык сүрөт
Patriot абадан коргонуу системаcы. Польша. Иллюстрациялык сүрөт

Украина 19-апрелде алгачкы Patriot абадан коргонуу системаларын алганын билдирди.

Коргоо министри Алексей Резников "Бүгүн биздин ажайып украин асманыбыз коопсузурак болуп калды, анткени Украинага Patriot абадан коргонуу системалары келди" деп Твиттердеги баракчасына жазды.

Министр абадан коргонуу күчтөрү Patriot системаларын башкарууну өздөштүрүүгө тез машыктырылганын жазып, системаны жеткирүү тууралуу "убадасын аткарган" АКШ, Германия жана Нидерландга ыраазычылык билдирди.

Patriot дүйнөдөгү эң алдыңкы системалардын бири жана учактарды, баллистикалык жана канаттуу ракеталарды жерден атууга кудуреттүү.

Орус армиясынын Украинанын энергетикалык инфраструктурасына былтыркы октябрдан бери жасаган соккуларынан кийин АКШ менен Германия Украинага андай системаларын берүүнү убада кылышкан.

Нидерланд Киевге Patriot системасынын бөлүктөрүн, анын ичинде эки учургуч менен ракеталарды убада кылды.

Президент Владимир Зеленский андай системалардын келиши менен Украинанын абадан коргонуусун абдан бекемдей турганын билдирди.

Системалар тууралуу маалымат Орусия түн ичинде Одесса шаарына Иранда жасалган дрондор менен чабуул койгондон кийин чыкты.

Райондук аскердик администрациянын башчысы Юрий Крук билдиргендей, “коргоо күчтөрүнүн ийгиликтүү аракеттеринен улам душмандын дрондорунун көбү жок кылынды.

"Бирок тилекке каршы, коомдук инфраструктура объектилерине зыян келген учурлар бар",- деп билдирди ал.

XS
SM
MD
LG