Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Орусияда оппозициялык саясатчы Илья Яшиндин өкүмү күчүндө калды


Илья Яшин сотто. Москва, 9-декабрь, 2022-жыл
Илья Яшин сотто. Москва, 9-декабрь, 2022-жыл

Москва шаардык соту шаршембиде оппозициялык саясатчы Илья Яшинге чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды. Ал былтыр декабрда Бучадагы кыргын тууралуу видеосу үчүн орус армиясы жөнүндө жалган маалымат тараткан деп айыпталып, 8 жарым жылга эркинен ажыратылган.

Mediazona 19-апрелде сот залынан көрсөтүүнү тартуулады. Яшин сотко СИЗОдон видеобайланыш аркылуу катышты. Сот анын түз катышуусуна уруксат берүүдөн жана далилдерди кайра иликтеп чыгуудан баш тартты. Сот ошондой эле Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенковду суракка чакырууга, орус армиясы тууралуу фейктер боюнча кылмыш беренесинин Конституцияга шайкештигин текшерүүгө макул болгон жок.

Яшин жазаны жумшартуу үчүн кечирим сурап, караны ак деп аташы керектигин түшүнөрүн, анын ар-намысы таза экенин, сот иши артында саясий себептер турганын айтты.

Орусиянын соттору Украинадагы согуш тууралуу расмий билдирүүлөргө дал келбеген маалыматтарды "фейк" деп эсептейт.

Оппозиционер Буча шаарынын тургундары орус аскерлеринин колунан каза тапкан деген далилдерди келтирип, трагедияны жасалма деп атаган орус тараптын аргументтерин талдап чыккан.

Яшин – Москва Украинага басып киргенден кийин Орусияда калган саналуу оппозициячыл саясатчылардын бири.

"Саясий туткундарды колдоо. Мемориал" укук коргоо долбоору аны саясий туткун деп тааныган.

XS
SM
MD
LG